Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Бүгүн кыргыз-казак чек аралары ачылат


Кыргызстандын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кирүүсүнө байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы сегиз бажы бекети алынат. Буга арналган салтанат “Ак жол” чек ара бекетинде кыргыз-казак президенттеринин видеоконференция аркылуу катышуусу алдында болот. Ошондой эле бажы бекеттеринин алынуусуна Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Казакстан тараптан 1-вице премьер-министр Бакытжан Сагинтаев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасынын милдетин аткаруучу Татьяна Валовая жеринен күбө болушат. Булардан тышкары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери, миграция уюмдарынын жана эки өлкөнүн ишкер коомчулугунан өкүлдөр катышат.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, салтанат учурунда президенттердин он-лайн режимдеги буйругунан соң, “Ак жолдо” бажы бекеттери алынып, Бажы кызматкарлери чыгып кетет.

Бажы бекеттери алынгандан тарта, Кыргызстан ЕАЭБнин шарттары менен жашай баштайт. Ага ылайык, кыргызстандыктар биримдиктин алкагында эркин иштөө, жүрүү укугуна ээ болуп, өндүргөн товарларын сата алышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG