Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

БШК саясий партиялар үчүн маалымдама жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы процесстер тууралуу маалымдама түзүп, аны “Эркин-Тоо” гезитине жарыялады. Анда шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жол-жоболору түшүндүрүлүп, эмнелер саясий партиялар үчүн үгүт деп саналары жана башка керектүү маалыматтар берилген.

БШКнын эрежелери боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 4-сентябрда башталат. Ушул учурдан тарта үгүт маалы расмий башталат. 4-сентябрга чейин жүргүзүлгөн үгүт иштерине мыйзам тыюу салат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG