Бишкектин "Алга" футболдук клубу Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна квалификациялык оюндарын жеңиш менен баштады.
"Алга" оюнчулары 11-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренасында болгон беттеште Макаонун "Каса Бенфика" клубун 2:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы голдорду 29-мүнөттө Иван Филатов жана 65-мүнөттө Мирбек Акматалиев киргизди. 2016-жылы боло турган АФК кубогуна тандоо баскычынын "В" тайпасында ойногон клубдардын беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада 15-августка чейин уланат.
13-августта Бангладештин "Шейх Джамал" клубу менен Макаонун "Каса Бенфика" клубу ойнойт. 15-августта "Алга" бангладештик атаандаштары менен таймашат. (ECh)