Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кыргызстан-ЕАЭБ: Кытайдын товарына бажы төлөм 3-4 эсе көбөйөт


Мындан ары Кыргызстанга Кытайдан ташылып келген товарларга бажы төлөм 3-4 эсе жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Азамат Сулайманов билдирди.

Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан менен соода-сатык мурдагыдай эле тартипте жүргүзүлөт. "Себеби алар КМШга мүчө жана эркин соода аймагы боюнча келишимге кол койгон" деп билдирди Сулайманов.

Кыргызстан ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия сыяктуу толук укуктуу мүчө болгонуна байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде бажы көзөмөлү алынганы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG