Жарандык активист Мелис Аспеков Жогорку Соттун жетекчисинин биринчи орун басары Канатбек Турганбековду кызматтан алуу талабын коюуда. Ал парламент менен Соттор кеңешине тиешелүү сунуш киргизүүнү өтүнүп, Башкы прокурор Индира Жолдубаевага кайрылганын бүгүн "Азаттыкка" билдирди.
"Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы Аспековдун пикиринде, Нариман Түлеевдин кызынын Турганбеков тууралуу айтканы Кыргызстанда соттор бийликтен көз каранды экенин айгинелейт.
Бишкектин экс-мэри, коррупция үчүн соттолуп жаткан Нариман Түлеевдин жакындарынан пара талап кылган деген шек менен өткөн айда президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Данияр Нарымбаев кармалган. 21-июлда 24.kg агенттигине маек куруп, Түлеевдин кызы Назгүл судья Турганбеков менен жолукканын, ал ага "... мен Нарымбаевдин уруксатысыз бул ишке үтүр да кое албайм" деп айтканын билдирген болчу.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, арыз бүгүн келип түштү, ал боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүлөт.
Ал арада Мелис Аспеков боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда жараян уланууда. Ал быйыл май айында жеңил унаанын айдоочусуна тапанча такап коркуткан деген айып менен соттолуп жатат. Аспеков өзү муну негизсиз каралоо деп атоодо. (RK)