Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Орус учактары машыгууда “Берлинге” деген жазуусу бар бомба таштады


Орусиянын борбордук аскер-деңиз порталы Калининграддагы бомба таштоо жана ракеталык даярдыктан өтүү учурундагы аскер-деңиз учактарынын сүрөттөрүн жарыялады.

Анда “Берлинге!” жана “Сталин үчүн!” деген жазуусу бар бомбалар абадан ташталып жатканы көрүнөт. Bild немец басылмасы муну “орус армиясындагы жана Орусия жетекчилеринин коркунучтуу абалынын көрсөткүчү” деп атады.

Сайтта кабарлангандай, учкучтар Су-24 жана Ан-26 самолетторунан, Ми-24 жана Ка-27 вертолетторунан ракета атып жана бомба таштап машыгышкан.

“Аскер-деңиз порталы” билдиргендей, Балтия, Түндүк, Кара-Деңиз жана Тынч Океан флотторунан жалпысынан 20дан ашык экипаж машыгууга катышууда.

XS
SM
MD
LG