Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Бажы бекеттерде жарандарды текшерүү өзгөрбөйт


Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жөнөкөй жарандарды текшерүү тартиби өзгөрбөйт. Бул туурасында “Азаттыкка” Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Азамат Сулайманов билдирди. Буга чейин кандай текшерүүлөрдөн өтүп келсе, ошондой эле жарандар паспорт көзөмөлдөн өтүп, унаалар текшерүүгө кабыла берет. Сулайманов “Ак жол” жана башка бажы бекети ачылганынан ишкерлер утушка ээ болорун кошумчалады.

- Жөнөкөй жарандарга чек араны өтүп атканда паспорттук көзөмөл мурдагыдай эле калат. Аны чек ара кызматы жүргүзүп келген, мындан ары деле жүргүзө берет. Негизги өзгөрүүлөр ишкерлер үчүн гана. Товарлар чек арадан өтүп жатканда процедуралар өзгөрүп жатат. Бажы текшерүү алар үчүн болбойт, салык төккөндө 50 күн мөөнөт берилет, ал товарын сатып салыкты төксө да болот.

Бүгүн Кыргызстан ЕАЭБдин расмий мүчөсү болду. Ага ылайык кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-жол" бекетинде салтанаттуу иш-чара өтүп, чек ара кызматы жалпысынан сегиз кыргыз-казак бажы тосмолору алынганын кабарлады. (SDz)

XS
SM
MD
LG