Жер шаарындагы адамдардын саны XXI кылымдын соңунда 11,2 миллиардга жетерин Бириккен Улуттар Уюму демографиялык докладында жарыялады. Учурда дүйнөдө 7,3 миллиардга чукул киши жашайт.
2030-жылдары бул көрсөткүч 8,5 миллиардга, 2050-жылы 9,7 миллиардга жетет.
Эксперттердин эсебине ылайык, Индия жашоочулардын саны боюнча 2022-жылы Кытайдан ашып өтөт. 2050-жылы Нигерия калкынын саны боюнча үчүнчү орунга чыгып, АКШны артта калтырат.
Докладда мындан сырткары картаюу тенденциясы да эске алынган. 2050-жылы дүйнөдө 60 жаштан ашкандардын саны эки эсеге көбөйөт, ал эми Европада карылардын саны 34% ашат. (ErN)