Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Түркия Сирия менен чек арасын жапты


Анкара Сириянын Баб-аль Хава шаары менен чектешип турган Түркиянын Хатай провинциясынын Жилвегөзү өткөрмө пунктун убактылуу жапты. Түрк бийликтери бул аракетин качкындардын лагери толуп калгандыктан башка адамдарды кабыл ала албай турганы менен түшүндүрдү. Натыйжада чек ара тилкесинин Сирия тарабында миңдеген бозгундар тыгылып калды. Алар “Ислам мамлекети” террористтик уюму Алеппо шаарына кайрадан кол салгандан кийин, согушкерлердин зомбулугунан качып келген адамдар.

Анкара качкындарды кайрадан өз мекенине кайтарып, “Сириянын эркин аскерлери” деп аталган топтун карамагындагы коопсуздук аймактарына киргизүүнү мерчемдөөдө.

“Сириянын эркин аскерлери” президент Башар Асаддын армиясынан качып чыгып, “Ислам мамлекети” кыймылы менен өз алдынча согушуп жаткан офицерлерден түзүлгөн.

Атайын коопсуз аймакты түзүү демилгеси Түркия менен АКШнын өкмөттөрү тарабынан макулдашууда жетишилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG