Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Орусияда жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза тапты

9-августта Түштүк-Сахалин аймагында, Лиственничное-Охотское жолунда бараткан эки автоунаа кагышкан. Алардын бири, “Тойота-Королла” автоунаасында бараткан эки кыргызстандык жарандын бири ошол жерден жан берген, экинчиси жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Экөө тең Жалал-Абад облусунун тургундары, жаш курагы 25те экени айтылууда.

Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясы билдирди. “Замандаштын” Түштүк-Сахалиндеги өкүлү Эшманбет Төлбаев учурда маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган. Сөөк 13-августта Кыргызстанга жиберилет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG