Бул тууралуу ӨКМ министри “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда жолго дагы кум-шагыл түшпөсү үчүн Транспорт министрлиги менен бирдикте кооптуу аймактардагы кум-шагылдар аткылоо жолу менен түшүрүлүп, тазаланат.
Учурда Боомдогу жол толук ачык, унаалар эки тарапка тең эркин өтүүдө. Жол четин кум-шагылдан тазалоо иштери уланып жатат.
12-августта Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымына тоодон топурак аралаш таш түшүп, кара жолду бууп калган. Адам өмүрүнө залака тийген жок. Бир нече саат ичинде капчыгайдын эки башында 25 чакырымга жеткен машине тыгыны пайда болду. ӨКМ Транспорт министрлиги менен чогуу автоунааларды өткөрүү үчүн темир жолдун жанына убактылуу жол жасап, кыймылды жанданткан. Үзгүлтүксүз тазалоо иштеринин натыйжасында бүгүн түндө шоссе кайра ачылып, темир жол унаа кыймылынан бошотулду.(ZKo)