13-августта таң эртең менен Багдаддын Садр шаарындагы "Жамила" азык- түлүк базарында бомба жүктөлгөн жүк тартуучу машине жарылганда өлгөндөрдүн саны 58ге жетти. Садрдын элинин негизги бөлүгү шииттер. Полициянын билдиришинче, бомба чабуулунан 86 киши жарадар болгон.
Сунни экстремисттеринин “Ислам мамлекети” тобу бүгүнкүдөй жардырууларды Багдаддын четиндеги негизинен шииттер жашаган райондордо маал-маал уюштуруп турат.