Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:51

Самор: Ядролук келишим саясый күрөштүн курмандыгы болду


Иран менен ядролук келишим Ак үй менен республикачылар үстөмдүк кылган Конгресс арасындагы саясый тирештин курмандыгы болду. Мындай пикирин президент Обаманын мурдагы кеңешчиси, ядролук эксперт Гарри Самор 12-августта билдирди.

Гарри Самор ядролук келишимди колдогону үчүн 10-августта “Чогуу ядролук бомбалуу Иранга каршы” деп аталган миятчы топтун төрагалыгынан кеткенге аргасыз болгон. Анын айтуусунда, Конгресс менен Ак үй ортосундагы бийлик күрөшүнөн улам прагматик конгрессмендер менен келишимди жактачу жарандар четке сүрүлүп калды. “Бул республикачылар менен айрым демократтардын Ак үйгө каршы согушуна окшоп кеткени өкүнүчтүү,”- дейт эксперт.

Гарри Самор президент Обаманын кеңешчиси катары Иранга каршы экономикалык санкцияны эл аралык коомчулуктун колдоосун алууга жана Тегеранды сүйлөшүүгө макулдатууга көмөктөшкөн.

Ядролук келишим Конгресстин сентябрдагы отурумунда колго салынат.

XS
SM
MD
LG