Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

“Керемет суудагы” жаңжалга байланыштуу беш киши кармалды


Бир кишинин өлүмү менен аяктаган жаңжалдан улам Чоң-Өрүктү айылында жашоочулар “Керемет суу” пансионатынын эс алуучу комплекстерин, анын кожоюнунун үйүн өрттөп салышты. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Каныбек Токтосопиев билдирди. Каргашалуу окуяга катышы бар беш кишини ички иштер кызматкерлери кармап кетишти. Азыр пансионатта өрт өчүрүлүп, кишилер тарап кетишти.

Чатактан кийин облус жетекчиси баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бүгүн түшкө жакын Чоң-Өрүктү айылындагы минералдык булактар жайгашкан "Керемет Суу" эс алуучу жайында пансионаттын коопсуздук кызматкери менен бир жаран мушташып, жөнөкөй тургун каза тапкан.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Капатагаев "Азаттыкка" билдиргендей, мушташка эс алууга келген кишилер менен пансионаттын ээсинин ортосундагы пикир келишпөөчүлүк себеп болгон.

Мерт болгон жаран 25 жашта. (SE)

XS
SM
MD
LG