Ооган талиптери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тилектеш согушчандардын мыкаачылыгын көрсөткөн видеону жектешти. Видеодо көзү таңылган жана колу байланган ооган туткундарды согушчандар жардыргыч заттар менен жардырып жаткан учур көрсөтүлөт.
Видеотасма талиптер менен жихадчылар жакында кагылышкан Ооганстандын чыгыш бөлүгүндө тартылганы айтылат. Анда талиптер менен Ооган өкмөтү кудай жолунан чыккан бейдаба деп сыпатталат.
“Исламга жана мусулманчылыкка жамынган аз сандагы жоопкерчиликсиз, адамдардын мыкаачылыктарына көз жумууга болбойт” деп айтылат талиптердин билдирүүсүндө. Талиптердин өздөрү да бейкүнөө адамдарды мыкаачылык менен өлтүрдү деп күнөөлөнүп жүрөт.