Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Азербайжан: Лейла Юнус жана Ариф Юнус узак мөөнөткө соттолду


Лейла Юнус
Лейла Юнус

Бакунун соту экономикалык кылмыш жасаган деп таап, адам укугун коргоочулар Лейла Юнусту 8,5 жылга, анын катуу ооруп жаткан күйөөсү Арифти жети жылга эркинен ажыратты.

13-августта болгон сотту айыпкерлердин эки адвокаты жана адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар "комедия" деп аташты. Өкүм окулар алдында сүйлөгөн Лейла ханум эркинен ажыратылуу жубайлар үчүн өлүмгө тете окуя болорун айтты. “Же менин, же Арифтин саламаттыгы түрмөдө узак отурганга чыдабайт. Бүгүн Азербайжанда кимде ким диктатордук бийликке моюн сунбаса, репрессияга кабылат,”- деди Лейла Юнус. Ал күйөөсү экөө адам укугу деп күрөшкөнү үчүн жазаланганын да белгиледи.

XS
SM
MD
LG