Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Москва дагы төрт өлкөнүн азык-түлүгүн ташууга тыюу салды


Эми Албания, Черногория, Ирландия жана Лихтенштейндин азыктары Орусияга импорттолбойт. 13-августта премьер-министр Дмитрий Медведев эгер Киев Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимдин экономикалык бөлүгүн аткарса, украиналык азык-түлүктөр Кремлдин “кара тизмесине” кошулат деп эскертти. Береги келишим 2016-жылдын башында күчүнө кирет.

Кремл буга чейин АКШ, Австралия, Евробиримдик жана Канаданын айыл чарба азыктарын импорттоого тыюу салган. Москва Крымды аннексиялап алганга жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогонго байланыштуу АКШ менен Евробиримдик Орусияга каршы санкция киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG