Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Пакистанда алты согушкер өлүм жазасына тартылды


Кичинекей кыз Пешавар мектебиндеги чабуулда өлгөн агасынын сүрөтүн кармап турат. 20-январь 2015
Кичинекей кыз Пешавар мектебиндеги чабуулда өлгөн агасынын сүрөтүн кармап турат. 20-январь 2015

Пакистандын аскер соту Пешавардагы мектепке жасалган чабуулга катыштыгы бар алты согушкерди өлүм жазасына тартты. Бир согушкер өмүр бою эркинен ажыратылды. Былтыр 16-декабрдагы террордук чабуулда 154 адам өлгөн. Бейажал өлүмгө кабылгандардын көпчүлүгү балдар жана кыздар. Сот жабык өтүп, анын кайсы жерде жана качан болору купуя сакталды. Аскер сотунун сайтына бүгүн жарыяланган билдирүүдө “сот калыс өттү,” “айыпкерлер апелляциялык сотко кайрыла алат” деп көрсөтүлөт. Кызыл кыргындан кийин Пакистанда окуяны иликтөө үчүн аскер соту түзүлгөн жана алты жыл мурда өлүм жазасына жарыяланган мораторий алып салынган. Адеп өлүм жазасы террорчу деп айыпталгандарга колдонулса, азыр бардык оор кылмыш жасаган адамдарга жогорку жаза чегерилүүдө.

XS
SM
MD
LG