Бул тууралуу бейшембиде Украинанын башкы аскер прокурору Анатолий Матиос билдирди. Анын айтуусунда, жикчилдер тарабына өтүп кеткен беш миңге чукул полиция жана үч миң чамалуу аскер кызматкерлеринин аты-жөнү атайын кызматтарга белгилүү. Алардын баары украин мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышарын Матиос ырастады.
УНИАН маалымат агенттиги тартип коргоо орган кызматкерлери орусиячыл жикчилдердин катарына кошулуп кеткени тууралуу маалыматтарды жарыялап турарын жазды.