Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Көк-Жаңгактагы келиндин өлүмүн милиция иликтөөдө

10-августта өз үйүндө асынып өлгөн 30 жаштагы Жазгүл Каленованын өлүмүн милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу Октябрь аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жусупов билдирди. Маркумдун жакындары келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапканын айтып жатышат. Бул арыздануунун негизинде келиндин денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.

Жазгүлдүн жолдошу ал эмне себептен асынып алганын билбей турганын айткан. 10 жыл бирге жашаган жубайлар ортосунда бир уул бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG