Пакистандын президенти Мамнун Хусейн талаштуу Кашмир аймагы боюнча Индияга эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.
Пакистандын эгемендигине байланыштуу телекайрылууда Мамнун Хусейн бул маселеде эки эл уруш-талашсыз жашай алат деген үмүтүн билдирди.
Учурда Гималай аймагындагы Кашмирдин бөлүнүшү расмий макулдашууларда каралган эмпес. Пакистан да, Индия да бул өрөөндү пайдаланууга укуктуу экендигин айтып келет.
1947-жылы Кашмир Британиянын колониясынан чыккандан бери Индия менен Пакистан бул талаштуу аймак боюнча эки ирет куралдуу кагылышка барган.