Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Сарпашевдин кеңешчиси 1-вице-премьердин автокырсыкка кабылганын төгүндөдү


Интернетке чыккан сүрөт.
Интернетке чыккан сүрөт.

1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин унаасы Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылганы тууралуу маалымат бүгүн интернет булактарына тарады. Анда кырсыкка кабылган 002KG номурлуу автоунаанын алдыңкы бөлүгү капшырылып кеткен сүрөттөрү жарыяланган.

1-вице-премьер-министрдин кеңешчиси Мелис Эржигитов ал Сарпашевди ташып жүргөн машине экенин ырастап, бирок кырсык мындан бир ай мурун – 14-июлда болгонун билдирди.

Кызматтык автоунаа кырсыкка кабылган маалда 1-вице-премьер-министр Жалал-Абадда жумушчу сапарда жүргөн.

Ал жакка бараткан айдоочу рулду башкара албай калган. “Азыр абалы дурус, үйүндө дарылануусун улантууда”,- деп айтты М. Эржигитов. (SE)

XS
SM
MD
LG