АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кубада 54 жылдан кийин кайра ачылып жаткан АКШнын элчилигине Американын туусун көтөрүү салтанатына катышуу үчүн келди. Ошондой эле ал Кубанын тышкы иштер министри, рим-католик чиркөөсүнүн динятчысы жана дисиденттер тобу менен кездешет. Делегациянын курамында Керринин жардамчыларынан тышкары, Конгресстин мүчөлөрү жана 1961-жылы элчилик жабылганда андан АКШнын туусун түшүргөн адамдар бар. Бир күндүк сапар АКШ мамлекеттик катчысынын 1945-жылдан берки биринчи визити болмокчу.
Ушундан кийин эки өлкөнүн дипломаттары экономикалык байланыштарды, атап айтканда, түз аба жана почта байланыштарын калыбына келтирүү боюнча иштеп башташат. АКШ Гавана менен дипломатиялык мамилени 1959-жылы бийликти коммунисттер басып алгандан кийин үзгөн.