Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Мамкызматкерлер тобу Жапонияда эки жыл бекер окуп келет


Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кезектеги тобу Жапониянын университеттеринде 2 жыл бекер окуп келмей болууда. Алар менен кечээ президенттик аппараттын жетекчиси Темир Жумакадыров жолугуп, келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо тургандарына үмүт зор экенин айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жапон өкмөтү каржылаган JDS программасы аркылуу 2006-жылдан бери ар биринин курамына 15 мамлекеттик кызматкер кирген 8 топ Жапониянын алдыңкы университеттеринен окуп келишти. Алар коомдук башкаруу, эл аралык мамилелер, маалымат технологиялары, экономика жана айыл чарба тармагында иштеген жаш кызматкерлер.

2013-жылы кеткен топтун окуу мөөнөтү аяктап, алар быйыл сентябрда Кыргызстанга кайтат. Ордуна жаңы стипендиаттар жөнөп кетет. (RK)

XS
SM
MD
LG