Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

"Ар-Намыс" менен “Республика – Ата-Журт” курултайларын өткөрүүдө


Бүгүн Бишкекте "Ар-Намыс" жана “Республика – Ата-Журт” партияларынын шайлоо алдындагы курултайлары (съезд) өтүп жатат. Депутаттыкка аттана турган талапкерлердин тизмелери жана шайлоо программалары талкууланууда.

"Ар намысчылардын" борбордогу "Ак-Кеме" мейманканасында уюштурулган иш-чарасына 250 делегат катышып жатат. Бул партиянын төрага орун басары Эмил Алиев шайлоо алдындагы программанын негизги багыттарына токтолуп, социалдык саясатка басым жасаларын билдирди.

Ал эми “Республика – Ата-Журт” партиясынын курултайы Опера жана балет театрында өтүүдө. Партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов курултайга 700дөй делегат чогулганын, Кыргызстанды аймактагы "экономикалык жолборско" айландыруу максаты коюлуп жатканын билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин 30 саясий партия билдирген. 20-августка чейин алар жалпы республикалык курултайларын өткөрүп, 120 адамдан турган талапкерлер тизмесин БШКга тапшырууга милдеттүү. (SDz)

XS
SM
MD
LG