Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлери Греция боюнча кезектеги антикризистик программа кабыл алды. Жардамдын бул жолку, үчүнчү пакети 86 миллиард евродон турат. Акча үч жылдык мөөнөткө берилүүдө. Жумушчу топтун жетекчиси Йерун Дейсселблум талкуу учурунда бир катар пикир келишпестиктер пайда болгонун, бирок алардын баары чечилгенин билдирди. Министрлердин жыйыны Брюсселде өттү. France-Presse агенттигинин билдиргенине караганда, грек бийлиги алган насыясы үчүн аткарууга милдеттү катуу чаралар жана реформалар да талкууланды. (RK)