Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:50

Жаңы окуу жылына карата 66 жаңы мектеп ачылат


Быйыл Кыргызстанда жаңы окуу жылына карата 66 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн Нарында иш сапарда жүрүп билдирди. Ал Нарын районуна караштуу Алыш айылындагы мектептин курулушу менен таанышып чыкты. Бул айылдын балдары буга чейин 3 чакырым алыс жайгашкан коңшу кыштакка барып окушчу.

Сариев өкмөт кийинки жылга 100 мектеп салууну пландап жатканын айтты. Ошондой эле ал мурда сапатсыз курулуп, жыл айланбай керектен чыккан мектептердин курулушуна катыштыгы барлар мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда өлкөдө 260 мектеп кооптуу абалда. (MiK)

XS
SM
MD
LG