Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулар тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына толук өткөрүп бүтө элек. БШКдан бүгүн "Азаттыкка" кабарлашкандай, жер-жерлерде мамкаттоо кызматкерлери тизмени Боршайкомдун системалык администраторлору менен бирге тактоодо.
- Азыр өткөөл мезгил болгондуктан бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Бул тууралуу Жобо кабыл алынган. Мамкаттоо кызматынын жер-жерлерде адистери жок болгондуктан тизмелерди биздин системалык администраторлор тактап жатат, -деди Боршайком өкүлү Надежда Давкина.
Парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Буга чейин шайлоочулар тизмеси 20-августта илинери, ага чейин Мамкаттоо кызматы биометрикалык каттоо боюнча тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына 15-августта өткөрүп берери кабарланган болчу. (RK)