Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

“Республика – Ата-Журттун” тизмесинде Ташиев 41-орунда


“Республика – Ата-Журт” партиясынын бүгүн Бишкекте өткөн курултайында маалым болгондой, тең төрага Камчыбек Ташиев 41-орун менен тизмеге кирди. Ташиев өз каалоосу менен тизмеден 40-орундан кийин жайгашканын айтып, жаштарга жана башка партиялаштарына орун бошотконун билдирди.

“Республика – Ата-Журттун” сап башында Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Кылычбаев, Алексей Нефадьев жана Талант Мамытов жайгашты. Ал эми партиянын республикалык штабын Руслан Казакбаев жетектемей болду.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин 30 саясий партия билдирген. 20-августка чейин алар жалпы республикалык курултайларын өткөрүп, 120 адамдан турган талапкерлер тизмесин БШКга тапшырууга милдеттүү. (SDz)

XS
SM
MD
LG