Москванын борбордук бөлүгүндө жаңы салынып жаткан эки кабат имарат урап түштү. Шаардын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, биринчи жана экинчи кабаттар ортосундагы тосмо кыйрап калды. Кырсык болгон жердин жалпы аянты 140 чарчы метр экени кабарланууда. Эки киши жараат алды, бирөө ооруканага жеткирилди. (RK)