Кытайдын Тянцзин провинциясында шаршемби күнкү жарылуудан набыт кеткендердин саны 112 адамга жетти. Дагы 95 киши дайынсыз болууда, жараат алгандардын саны 700дүн тегерегинде. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлоодо.
Полиция жарылуу өндүрүштө керектелүүчү өтө зыян химиялык заттар сакталган кампада болгонун билдирген. Экологияны коргоо боюнча жергиликтүү мекеменин өкүлү Бао Жиңлиң бүгүн маалымат жыйынында сүйлөп жатып:
- Азыр эң негизги аракеттерибиз цианидге байланыштуу болуп жатат. Анын жаан менен жайылып кетишине жол бербешибиз керек. Эгер жаан жааса уу заттар агып, башка аймактарга тарабашы үчүн атайын тосмолорду жасап жатабыз, - деди.
Окуя болгон аймакка жакын жерлерде жашагандар башка жактарга көчүрүлдү. (RK)