Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

«Бир Бол» шайлоо алдындагы программасын талкуулады


Бүгүн Бишкекте шайлоо алдындагы курултайын өткөргөн «Бир Бол» партиясы «Илбирс секириги» деп аталган программа кабыл алды. "Бирболчулар" аны ишке ашырууда беш жыл ичинде ички дүң өнүм эки эсе көбөйөрүн айтууда.

Парламенттик шайлоого катышканы жаткан партиялар өз курултайларын өткөрүп жатышат. Бүгүн Бишкекте “Ата-Мекен” жана “Бир Болдун” республикалык курултайлары өттү. Жер-жерлерден келген делегаттар шайлоого карата программаны аныктап, талапкерлердин тизмелерин бекитишти. Кечээ "Ар-Намыс" менен "Республика - Ата-Журттуку" өткөн.

Эртең, 17-августта КСДПнын курултайы өткөнү жатат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Мыйзам боюнча ага катыша турган партиялар 20-августка чейин жалпы жыйындарын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG