Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Индонезияда кулаган учактын сыныктары табылды


Өлкөнүн Транспорт министрлиги Папуа деген алыскы аймактын жашоочулары ички каттамдагы учактын калдыктарын тапканын маалымдады. Күбөлөрдүн айтымында, 54 кишини ташып бараткан учак тоолорго кулаган.

16-августта түштөн кийин Индонезия бийлиги Папуанын борбору Жайапурадан Оксибил деген жерге бет алган чакан учак менен байланыш үзүлгөнүн билдирген.

Маалыматтарга ылайык, бортто 49 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Учуп бараткандардын бешөө балдар эле. Куткаруучулар кырсык болгон жерге бүгүн барышат. Адистер учактын кыйрашына аба ырайынын бузулганы себеп болушу мүмкүн деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG