Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Пакистанда Панжабдын ички иштер министри теракттан набыт болду


Пакистанда Панжаб облусунун ички иштер министри жан кечтинин кол салуусунан мерт кетти. Министр жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жаткан кезде болгон жардыруудан дагы 16 киши каза тапты. Урандылардын астынан 25 чакты кишини тирүү алып чыгышты.

Теракт Исламабаддан 80 чакырымдай алыс жайгашкан Шади Кан шаарында болду. Министр Шужа Ханзада Пакистан армиясы Ооганстан менен чек ара аймагында террорго каршы операция баштаган бир жылдан бери өлтүрүлгөн алгачкы белгилүү саясатчы.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" менен байланыштагы "Лашкар-и-Ислам" экстремисттик тобу өзүнө алды. Бирок расмий адамдар жардырууну талибдер же "Ал-Каидага" жакын "Лашка-и-Жхангви" уюму уюштурган деп шектенишүүдө.

XS
SM
MD
LG