Бишкек-Ош жолунун боюндагы Чычкан капчыгайында 13-августтан бери күйүп жаткан өрттү өчүрүү иштери уланууда. 4 күндөн бери капчыгайдагы дээрлик 100 гектар жердеги кургак чөп менен бадалдар күйүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аракети менен унаа өтө албаган жердеги өрттү өчүрүүгө Токтогул шаарчасынан, Үч-Терек айыл аймагынан, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарынан жалпысы болуп 204 өрт өчүрүүчүлөр жана аскер кызматкерлери тартылган.
Учурда болжол менен 45 гектар аянтта кургак чөп жана бадалдар түтөп турат, өрт жалындап кетүү коркунучу бар. Токтогул райондук токой чарбасынан 15 киши кооптуу аймакты байкоого алуу үчүн Чычкан капчыгайында жүрүшөт.(ZKo)