Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага нааразы


Акыйкатчы институту Башкы прокуратура бирдей эле кылмыш беренеси менен айыпталган адамдарды алып келүү маселесине текши мамиле жасабайт деп айыптоодо. Маалыматта мисал келтирилгендей, Башкы көзөмөл органы кыргыз-казак чек арасынан маңзат алып өтүп бараткан учурунда кармалган кыргызстандык жаранды алып келүү тууралуу өтүнүч менен Жогорку сотко кайрылган. Ал эми ушундай эле берене менен айыпталып жаткан дагы эки жаран Казакстандын Жамбыл облусунда соттолуп, он жылга кесилген Мамажанова жана Малаева аттуу аялдарды Кыргызстанга апкелүү тууралуу алардын жакындарынын өтүнүчү каралбай келе жатат деп белгилейт Акыйкатчы институту.

Акыйкатчы бул маселеге көңүл бөлүүсүн өтүнүп, президенттик аппараттын башчысы Темир Жумакадыровго да кат жолдогон.

Айрым маалыматтар боюнча, учурда Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын жана башка чет мамлекеттердин абактарында жаза өтөп жүргөн кыргызстандык жарандар миңден ашуун.(ZKo)

XS
SM
MD
LG