Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Мариуполдо артиллериялык аткылашуулар уланды


Украин аскер Широкино кыштагындагы кыйраган тамдын жанында турат. Мариупол шаарынын чыгыш тарабы. 28-июль 2015
Украин аскер Широкино кыштагындагы кыйраган тамдын жанында турат. Мариупол шаарынын чыгыш тарабы. 28-июль 2015

Бүгүн Украинанын түштүк-чыгышындагы Мариупол шаарында катуу артиллериялык аткылашуу болду. Бул жергиликтүү элдин айтуусунда, өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин акыркы үч айдагы эң катуу салгылашуусу.

Аткылашуудан Мариуполдон 5 чакырым чыгыштагы Сартана кыштагынын тамдары кыйрап, мунай сактоочу терминал зыян тартты, деп айтылат кабарларда. Азов деңизинин жээгиндеги шаарда өткөн жума бою да согуш токтобой уланып жатты.

Мариупол аркылуу былтыр Орусия каратып алган Крым жарым аралын жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасс чөлкөмү менен туташтырган кан жол өтөт.

XS
SM
MD
LG