Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Лавров менен Зарифтин сүйлөшүүлөрү Москвада өтөт


Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада ирандык кесиптеши Мухаммад Зариф менен жолугушат. Кездешүүдө Тегерандын ядролук программасы жана Орусия менен Ирандын Сириядагы тынчтык сүйлөшүүсүнө арачы болуу аракети талкууланат деп билдирди расмий Москва.

Бул план президент Башар Асадды бийликте калтырууга чакыргандыктан, АКШ, Евробиримдик, Перс булуңундагы араб өлкөлөрү жана Сириянын байистүү оппозициясы ага каршы. Серепчилердин айтуусунда, Иранга каршы санкция жеңилдетилсе, Орусия Тегеранга ракетадан коргонуу системасын сатууга жана атомдук энергия боюнча жаңы келишимдерди түзүүгө кызыкдар. Өткөн аптада Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва Тегеранга алыс аралыкка учуучу С-300 системасын жөнөтүүгө даяр экенин айткан.

XS
SM
MD
LG