Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

Кашмирдеги аткылашууларда сегиз адам өлдү


Мусулман чал Сринагардагы ооруканага жеткирилүүдө. Сринагар Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүнүн жайкы борбору. 13-август, 2015-жыл.
Мусулман чал Сринагардагы ооруканага жеткирилүүдө. Сринагар Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүнүн жайкы борбору. 13-август, 2015-жыл.

Талаштуу Кашмир аймагында Индия жана Пакистандын аскерлери кайра аткылашты. Пакистан аскерлеринин чабуулунан алты жаран өлдү жана 17 адам жарадар болду, деп билдирди Индия армиясынын өкүлү Маниш Мехта. Пакистан тараптан эки жаран өлүп, эки жаран жарадар болгону расмий маалымдалды. Өткөн жума бою ортодогу көзөмөлдүк тилкеде Пакистан жана Индия аскерлери тынбай атышып жатты. Эки өлкө 1947-жылы британ оторчулугунан бошонгондон бери үч жолу согушса, анын экөө Кашмир аймагы үчүн болгон.

XS
SM
MD
LG