Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту Акматбек Келдибековго бир эпизод боюнча: Соцфонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтотту. Сот буга айыптоо боюнча кылмыш ишинин мөөнөтү аяктаганын жүйө кылды. Бул боюнча Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникина “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Келдибековдун Мамлекеттик салык кызматында, Социалдык фонддо жетекчи болуп иштегенде, кийинчерээк Жогорку Кеңеш спикери болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айыптар менен соттук териштирүүлөр уланууда, 18-августта кайрадан сот жараяны болот.
Башкы прокуратура Акматбек Келдибековду Социалдык фондду жетектеп турган учурунда коррупцияга катышы болгон деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, Келдибеков мамлекетке 24,3 млн. сом зыян келтирген.
2013-жылы ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага Мамлекеттик салык кызматында, Социалдык фонддо жетекчи болуп иштегенде, кийинчерээк Жогорку Кеңеш спикери болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылган.
Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу өткөн жылы август айында баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен. Быйыл жаңы жылдан соң, кайтып келген эле.(ZKo)