Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Борбор Азияда саясатташкан хижаб


Жоолукчандардын акциясы, Бишкек. 2011-жыл
Жоолукчандардын акциясы, Бишкек. 2011-жыл

Жаңы окуу жылы жакындаганы хижаб маселеси кайрадан талаш жаратууда. Мектептерде мамлекеттин укук тартибин сактоо жана диний ишеним эркиндиги ортосундагы тең салмактуулукту кантип сактоо керек?

Айжамал Айдарбекова Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын биринде иштейт. Ал жогорку билимдүү, бир нече тилде эркин сүйлөйт. Жоолук салынганына сегиз жылдын жүзү болду.

- Мен жоолукту 17 жашымда салындым, ал кезде коллежде окучумун. Баары бир ушундай болмок, анткени ата-энем намаз окуп, динге берилген адамдар. Мени эч ким жоолук салын деп мажбурлаган жок. Өзүм эки жылдай ислам дини тууралуу окуп, анан ушундай чечимге келдим. Досторум башында таң калышты, анткени бул алар үчүн күтүүсүз болду. Кийинчерээк баары көнүп, жакшы кабыл алышып, колдоп келишет, - дейт Айжамал.

Жаш кыздын жоолук салынышын курбулары түшүнүү менен кабыл алышканы менен, коомчулук арасында кодулоого кабылганын Айжандын өзү мындайча түшүндүрөт:

- Сегиз жыл мурда жоолук салынган кыздар аз болчу, ошол себептен көчөдөн, коомдук жайлардан мени аябай карашчу. Кийин жогорку окуу жайга тапшырганда мугалимдердин терс мамилесине кабылдым. Алар мени “кыргыз эмес болуп калган турбайсыңбы, улутуңду, салтыңды сатып кеткен турбайсыңбы”, деген сөздөрдү айтышты. Мен башында аларга түшүндүрүүгө аракет кылып, мен эч убакта улутумду, салтымды сатпаганымды, болгону бул менин тандоом экенин айтчмун. Менин диним ислам, мен ошого жараша кийинем. Бул мага жагат.

Айжамалдын дос-курбуларынын арасында өзү сыяктуу жоолук салынгандар да, жөн эле ээн-эркин каалагандай кийинип жүргөндөрү да бар.

- Жоолук салынган курбуларымдын көбү билимдүү, жогорку окуу жайларды аякташкан. Ошондой эле көп досторум ээн-эркин каалагандай эле кийинишет. Чет өлкөлүк досторум да бар. Ал досторум башка динди тутунушат. Мен алардын динин сыйлайм. Алар да менин жоолук салынганымды туура эле кабыл алышат. Башында мени жабык, түнт деп ойлошот. Анткени жоолук салынган кыздар боюнча коомдо ошондой стереотиптер жайылган. Бирок андай эмес, сүйлөшө келгенде ойлору өзгөрөт.

Ал эми ошол стереотиптер кайдан жаралат? Жоолук салынган кыздар түнт, билимсиз деген суроого Айжамалдын жообу:

- Анткени көп учурда ошондой. Маселен, мен Ислам университетинде бир жыл ислам дини боюнча курстарга бардым. Ал жакта мени менен окуган кыздардын көбү тогузунчу класстан кийин эле турмушка чыгып, бала төрөп, ошону менен билимин улантпай, иштей да албай, үйлөрүндө отуруп калышкандар. Мына ошондон улам ушундай сөздөр жаралса керек. Бул чындыгында чоң көйгөй. Кыздар билим алышы керек. Исламда деле кыздар он алтыга чыкканда күйөөгө чыгып, үйдө отуруш керек деп айтылбайт. Кыз бала деле билим алып, дүйнө таанымын тереңдетиши керектиги жакталат. Мен өзүм деле кап-кара, бетин жаап алып Кыргызстанда жүргөндөргө каршымын. Бул нерсе биздин коомго жат көрүнүш жана кабыл алынбайт. Ошол себептен Кыргызстанда жоолук салынсак деле кара эмес, башка түстөрдөгү көйнөк же болбосо тизеге чейин көйнөк кийип, шым кийип жүрсөң эч ким жактырбайт деп айтыш деле кыйын. Көп кыздар тиешелүү билим албаганы үчүн, ар кандай коркунучтуу секталарга кирип кетип атышат, Сирияга эч маалыматы жок жөнөп жатышат. Көйгөй бар, бирок бардыгын билим аркылуу чечсе болот. Ошондо жоолук тууралуу маселе жаралбайт.

Хижаб – араб сөзү, кыргызча которгондо оромол – башкача айтканда, аялдын башынан аягына чейин жапкан кийим. Соңку кезде хижаб саясий өңүт алып, аны жоолук менен алмаштыргандар арбыды. Кыргыз аялдары жоолук салынып, жүзүн ачык, тизеден ылдый келбетине туура келген кийим кийип жүргөнү айтылат. Мына ушул айырманы белгилейин деген премьер-министр Темир Сариев:

Темир Сариев
Темир Сариев

- Азыр диний экстремисттер күч алып келатат. Башка мамлекеттердин каада-салттарын таңуулап, ошону киргизип атышат. Биздин ата-бабабыздан келаткан салттарыбыз бар. Башына чалма кийгизип, паранжа, хижаб кийген - бул биздин салт эмес. Биз буларды ачык айтып, токтотушубуз керек,- деп айтты.

Өкмөт башчынын өткөн айдагы жыйында сүйлөгөн бул сөзүнүн кызуу талкуусу ушу күнгө чейин уланууда. Социалдык тармакта Сариевди сындагандар, келекелегендер, алтургай коркуткан пикирлерди окууга болот. Ал эми билим берүүчү жайларда, мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салуу керекпи же жокпу - азырынча расмий бийлик дагы, диниятчылар дагы туруктуу позициясын билдирише элек.

Борбор Азиянын хижаб менен күрөшү

Баш мыйзамдары укуктук негиздеги дин мамлекеттен ажыратылган постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндө иш жүзүндө саясат менен дин чиеленишип, алтургай хижаб сыяктуу диний маселелер саясатчылар менен динчилердин куралына айланууда.

Коңшу өлкөлөрдө өзгөчө соңку беш жылда өлкө бийликтери мыйзамдуу түрдө тыюу сала албаса да, салтка жатпайт деген ойду жүйө кармап, хижаб кийүүгө каршы пикирин билдирип келатышат.

Маселен, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бул жааттагы өз пикирин 2011-жылы эле билдирген.

- Биз мусулман экенбиз деп калкыбызды артка тартпайбыз. Биз сунни агымын карманабыз. Орто кылымдагыдай кийинип, хижаб кийүү бул биздин жол эмес. Мурунку муун, кары адамдар каалагандай кийине берсин, бирок университеттерде жана башка жайларда жаштардын андай кийинүүсүнө жол бербешибиз керек.

Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Эл башчынын айтканына карабай, 70% мусулмандар түзгөн казак коомунда хижаб кийип, чүмкөнүп алгандар жылдан-жылда арбып баратат.

Коңшу Тажикстанда да расмий бийлик хижаб кийүүгө каршы оюн жыл башында ачык жарыялаган.

- Айрым кыздар өзүлөрү жоолук салынып, чүмкөнүп жүрсө, кээ бирөөлөр ушул идеологияны таркатып, таңуулап, биздин коомдо жаңы экстремисттик агым түзүүнү каалап жатышат,- деген президент Эмомали Рахмон.

Дал ошол күндөн тарта Тажикстандын бардык аймактарында хижабга, өзгөчө кара түстөгүсүнө каршы атайын акциялар жүрө баштады. Улуттук канал аркылуу аялдардын салттуу кийимге кайтып, хижабдан баш тартып жатканы тууралуу атайын берүүлөр байма-бай көрсөтүлдү. Тажикстан парламентинин мурдагы депутаты Саодат Амиршаеванын айтуусунда, тажик аялдары башынан эле жылаңбаш жүргөн эмес, алардын улуттук кийимдери бар. Бул оюн ал “Азаттыкка” маегинде ортого салды.

- Хижаб бул араб өлкөлөрүнүн салттуу кийими да, алар илгери бак-дарак жокто, күндөн, чөлдөгү шамалдан учкан кумдан сактаныш үчүн бети-башынан бери чүмкөнүп алышчу деп ойлойм. Ал эми Тажикстан деген бейиштей болгон жер да. Биздин табият бетибизди ачык алып жүргөнгө жол берет. Тажикстанда 98% мусулмандар жашайт жана биз динди бекем кармаган элбиз. Ошону менен катар эле биз өз салт-санаабызды, үрп-адаттарыбызды сыйлап, аздектешибиз керек да. Эмне себептен биз сөзсүз башка элдей кийинип, алардын тилин сиңиришибиз керек? Мен хижабга караманча каршымын. Мен биздин кыздар улуттук кийимди жана жабык, кадимки мамлекеттик жайларда кийүүчү кийимдерди кийүүсүн колдойм. Биздин да өзүбүздүн кооз жакшынакай жоолуктарыбыз бар. Мен бир нече жолу Кыргызстанда болгом. Силердин да өзүңөрдүн жакшынакай улуттук кийимиңер бар. Биз канча кылымдан бери келаткан, үрп-адаттарыбызды кийинки муунга өткөрүп берип, сактап калышыбыз керек да. Болбосо улут жоголуп кетпейби. Албетте, Конституцияда эч кандай чектөө жок. Ким кандай кааласа ошондой кийиниш керек, ошондой деп эле ар ким ар кандай кийинип алган болбойт да. Бирөө чүмкөнүп, экинчиси айрым Африкадагы элдердей болуп чөп-чар жамынып кетип калса эмне болот? Биз улуттук баалуулуктарыбызды сактап калуу үчүн чоң идеология жүргүзүшүбүз керек, деп ойлойм.

Тажикстанда хижаб кийген кыздар
Тажикстанда хижаб кийген кыздар

Базарларда жүрүштөр өткөрүлүп, кара түстөгү хижаб саткандарды тыйышты. Бирок мындай жүрүштөр эч кандай мыйзамда каралбаганын эске сала кетели. Мына ошондо кара түстөгү хижабдар тигилген кездемелердин химиялык курамы текшерилип, адамдын саламаттыгына кесепеттүү заттар бар экенин аныкталган.

Тажикстандагы жарандык активист Зарафо Рахмондун айтуусунда, мындай жүрүштөр адам укугуна шек келтирет.

- Азыр кичине басаңдап калды. Бирок дагы эле мамлекеттик ишке жоолукчан келгенге тыюу салуу кездешип жатат. Базарларда хижаб сатууга же болбосо хижабчан, сакалчан соодагерлерге кысым көрсөтүлүп жатат. Албетте, муну менен адам укуктары бузулуп жатат. Бирок дагы байкаганыбыз, ушундай рейддер башталганы тескерисинче жоолук салынгандар көбөйдү.

Ал эми Өзбекстандын күч түзүмдөрү аймактагы радикализм жана экстремизм менен күрөштү күчөтүүдө башка кошуна мамлекеттерден алдыга кетип, аялдардын чүмкөнүп жүрүүсүнө каршы чоң өнөктүк башташты. “Азаттыктын” өзбек кызматына маалым болгондой, бир ай мурда Ташкент шаарынын Бектемир районундагы базардан хижабчан аялдардан жоолугун чечүүнү талап кылышкан. Каршылык көрсөткөндөрдү милиция бөлүмүнө алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң гана кое беришкен.

- Ал эми айрымдарын алып калып, алар менен терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери сүйлөшүшкөн. Ата-энелерин, күйөөлөрүн чакыртышкан”, - дейт бул көрүнүшкө күбө болгондордун бири.

Ташкенттен мурда ушундай эле жүрүштөр Фергана облусунун Кокон жана Маргалаң шаарларында жүргүзүлгөн. Калкынын 88% мусулмандар түзгөн Өзбекстанда хижабчан коомдук жайларга чыгууга тыюу салынган.

Кара түстүү хижаб менен радикализмдин байланышы барбы?

Кыргызстанда башка коңшу мамлекеттерден айырмаланып, исламдын шарттары терең синген эмес деп айтылып келишет. Ошондой эле бул өлкө акыркы жыйырма жылда диний эркиндикке жол ачкандыгы менен айырмаланат. Андыктан хижаб маселесин чечүүдө кошуна мамлекеттердин тажрыйбасын сунуштагандар да жок эмес. Ататүрк университетинин юридика жана эл аралык мамилелер боюнча факултетинин деканы, эксперт Нурлан Исмаилов бул маселеде Кыргызстандын өз жолу болушу керек деп эсептейт.

“Азаттык”: Хижаб маселесинде мамлекет бир аз чочугандай мамиле кылып атат, сиздин оюңузча коомду хижаб эмнеси менен чочутуп атат?

Н. Исмаилов: Бул жерде коом тышкы келбетине жараша бир нече бөлүккө бөлүнүп кетпейби деген коркунуч болуп атат. Маселен, Түркияда, Египетте жана башка айрым мамлекеттерде динге ишенгендер жана динге бир аз салкын мамиле жасагандар болуп экиге бөлүнүп калышты. Ошол нерсе коомго кыйла эле зыянын, кедергисин тийгизип жатат. Бара-бара бул маселе саясатташып, кандайдыр бир саясий күчтөр тарабынан колдонулушу мүмкүн. Мындайча айтканда, хижаб маселеси коомдун бөлүнүп-жарылышына түрткү болуп калышы толук ыктымал. Түркиянын мисалын алсак, ал жердеги солчул партиялар менен динге жылуу көз караш менен караган оңчул партиялардын ортосунда да талаш-тартыш жараткан да ушул хижаб маселеси болууда. Түркиядагы АК партия бийликке келгенден кийин аялдардын хижаб кийүүсү өзүнчө бир тенденцияга айланды, оронуп жүрүү бир статус болуп чыга келди. “Бул демек намаз окуйт, динге ишенет жана ошол партияны колдойт, жактайт” дегенди билдирип калды. Ошондуктан Кыргызстанда бул азыр кичине маселе болгону менен келечекте коомду бөлүп-жарып коебу деген чочулоо бар.

“Азаттык”: Кыргызстанда хижаб маселеси мамлекеттик жогорку жетекчилер тарабынан, ошол эле кезде балким хижабды жактагандар тарабынан өтө саясатташып кетип аткан жокпу?

Н. Исмаилов: Бул нерсени ашыкча деңгээлде, өтө көңүл буруп, саясатташтырып кереги жок. Анткени ислам же болбосо дин маселеси дегенде эле биз хижаб менен эркектердин сакалына көбүрөөк көңүл буруп атабыз. Бул жерде андан башка да өтө көп маселе бар.

Динге карата саясат мыйзамдарын ала турган болсок, бүгүнкү күндө Кыргызстан эң либералдуу, дин эркиндигин чектебеген бирден-бир мамлекет болуп саналат. Мамлекетте мектептер же билим берүүчү мекемелер динден ажыратылган деген принципте иштеп атабыз. Бул принцип Конституцияда да, башка негизги мыйзамдарыбызда да жазылган. Хижаб маселесинде Кыргызстан жалпы мектептерге бир белгилүү форманы киргизгенге аракет жасап атат. Биз дагы ошол позицияны жактап атабыз.

“Азаттык”: Мектеп формасын киргизүү маселеси өкмөттүн деңгээлинде бир топтон бери талкууланып келатат, бирок эмне үчүн бул маселеде кылчактап, чечкиндүү бир чечимге келе албай жатышат?

Н. Исмаилов: Биздин мамлекеттин ушул боюнча чечкиндүү позициясы жок болуп атат. Буга өкмөттүн тез-тез алмашып кетиши жана ушул жаатта бирдиктүү бир саясаттын жоктугу себеп болууда. Бирок форманы киргизе турган болсок, анда хижаб кийүүгө канчанчы класстан уруксат беребиз? Тогузунчу класстанбы же онунчубу? Эгер толугу менен хижаб кийилбесин десек да көп маселелер жаралат. Албетте, исламда кыздар белгилүү бир жашка толгондон кийин хижаб кийүүсү шарт. Ал эми бул нерсе билим берүүгө канчалык оң же терс таасирин тийгизет, биз ошону изилдеп чыгышыбыз керек. Эгер секелек кыз өзүнүн ички туюму, каалоосу жана жетиштүү диний түшүнүгү менен хижаб кийип атса, мындай нерсеге тыюу салып кереги жок. Ал эми башталгыч класстарда же керек болсо бала бакчага оронуп барган наристелер канчалык деңгээлде өзүнүн ички туюму менен ошону салынып жатат, деген суроо жаралат. Ушул маселеге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек.

“Азаттык”: Хижабдын өңү же хижабды кийүүнүн тартиби дагы бир идеологиянын бөлүгү болуп кетип аткандай. Маселен, кара түстөгү хижаб кийген аялзатын биз Бишкектен да соңку кездерде көп жолуктуруп калып жатабыз. Кара түс кыргыздардын менталитетинде жамандыктын өңү болуп саналат. Ошону менен бирге кара түс, радикал, экстремисттик уюмдардын да түсү болуп калгандай. Маселен, “Хизб ут-Тахрир”, “Ислам мамлекети” сыяктуу уюмдардын да түсү, көтөргөн байрагы кара. Ушул нерсе да коомдогу кооптонууга түрткү болуп, чочутуп жаткан жокпу? Сиздин оюңуз кандай?

Н. Исмаилов: Бизде салафи багытындагы уюмдар көбөйүп кетти. Мына ушул багытты карманган аялдар кара түскө басым жасашат. Алардагы айрым жаштар да башкалардан өзгөчөлөнгүсү келишет. Ал эми салафизм саясатташкан диний идеологиясы бар.

Түркиянын хижаб маселесиндеги тажрыйбасы

Биринчи жолу хижаб кийүүгө мусулман өлкөлөрдүн ичинен Түркия тыюу салган, кийин бийликке Режеп Тайип Эрдогандын келиши менен окуу жана мамлекеттик жайларда кийүүгө ураксат берилген.

Түркия демекчи, бул мамлекетте хижабды мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кийүүгө дээрлик 70-80 жыл тыюу салынып келген. Азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган жетектеген АК партия бийликке келгенден кийин гана бир катар талкуулардан соң ал тыюулар алынып салынды. Бирок коомдун кайсы бир бөлүгү бийликтин бул чечимин исламдашууга бет алганы катары карап, катуу сындап келе жатат. Түркиянын Анкара университетинде докторантурада окуган Медербек Кадырдын айтуусунда, кыргыз бийлиги жижаб маселесинде радикализм менен таза исламдын айырмасын ажырата билиши керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда диний билим берүү жаатында Түркиядан үлгү алсак болот деп айрым эксперттер айтып келет. Ал эми Түркияда хижаб маселеси канчалык деңгээлде чечилип калган? Же дагы эле талкууланып келатабы?

М. Кадыр: Түркияда да хижаб маселеси бир кезде жогорку деңгээлдеги саясатта талаш-тартыш жараткан чоң маселелердин бири болгон. Хижабчан университеттерге, мамлекеттик мекемелерге кирүүгө тыюу салынган. Бир канча жыл мурда бул мыйзам жокко чыгарылды. Азыр эми ар ким каалагандай жүрө берет. Мамлекеттик мекемелерге, окуу жайларга кыз-келиндер оронуп, ээн-эркин бара алышат. Бул маселе негизинен чечилип эле калды.

“Азаттык”: Түркияда хижаб боюнча тыюулардын алынып салганын элдин баары колдоп жатабы? Же каршы болгондор да барбы?

М. Кадыр: Жок, баары колдогон жок. Коомдун кайсы бир катмары чындап эле буларды сындап келишет. Ошол эле учурда бир мекемеде хижабчан кыздар менен жылаң баш, ээн-эркин кийинген кыздар кадимкидей эле жүрө беришет. Коомдо карама-каршы көз караштар жоголду. Мурда бир идеологиялык согуш катары каралып келген. Азыр ал жок.

“Азаттык”: Кыргызстанда да бул утур-утур көтөрүлгөн маселелердин бири. Айрым учурда басаңдап калганы менен, кээде көп талаш- тартыштарга жем таштоодо. Кыргызстан бул маселени кантип чечсе болот? Түркиянын мисалы бизге жарайбы?

М.Кадыр: Кыргызстанда дин эркиндиги берилген. Эгер диний ишениминен улам адам хижаб кийиш керек болсо, Конституция боюнча анын укугу бар. Бир эле мисал айтайын, Кыргызстанда жакында эле “диний ишеними боюнча жарандар аскер кызматын өтөбөй койсо болот” деген мыйзам кабыл алынды. Бул жерде кайсы бир диндин өкүлүнө диний ынанымы боюнча иш-аракет кылуусуна уруксат берилип жатат. Ошол эле кезде хижабды тыйса, бир жагынан башка бир диндин өкүлүнүн укуктарын басмырлагандай болуп жатпайбы.

Мен бул жерде маселе радикализацияда дагы болуп жатат окшойт деп калдым. Эгер хижаб менен радикалдашуунун байланышы бар болсо, анда чара көрүлүшү керек. Оронуп жүргөн кыз-келиндер арасында сурамжылоо жүргүзүп, жамынгандардын канчасы фундаменталисттик багыттагы радикалдарды колдошот, канчасы каршы экенин такташ керек. Жабынуу менен радикализмдин канчалык деңгээлде байланышы бар экени ошондо билинет. Бул нерсеге негизи абайлап мамиле жасоо зарыл. Анткени канчалык тыюу салып, басым жасай берсе, ал ошончолук кайрадан радикалдашат.

“Азаттык”: Кыргызстанда ушул чөйрөнү билген эксперт, серепчилердин айтуусунда, хижабдын артында чоң идеология да бар болушу ыктымал. Маселен, кыргыздар бетин жапкан эмес, паранжа кийген эмес.

М. Кадыр: Ал туура, эгер бул хижаб болобу, хижабдын түрү болобу, анын аркасында бир идеология болсо же ал идеология мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирип атса же хижабдын кара түстөгүсү менен экстремисттик топтордун ортосунда кандайдыр бир түздөн-түз байланыш болсо, муну көзөмөлгө алыш керек. Ошону менен катар эле дал ушундай идеологияны кармангандардын зыяны жөн эле хижаб кийинип, өзүнүн диний ишениминде жашаган эже-карындаштарыбызга тийбеши керек.

Мектеп формасы боюнча өкмөттүн​ жаң​ы чечими

Түркиядан тышкары, 1963-жылы Сирияда да хижабга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Тунисте 1981-жылы мамлекеттик мекемелерде хижаб кийүүгө тыюу салынганын айта кетели.

Бир катар эксперттер Кыргызстандагы мектептерге бирдиктүү мектеп формасы киргизилсе, хижаб маселесин чечүүгө биринчи кадам жасалмак деп эсептешет. Билим берүү министрлиги мектептердеги бирдиктүү форма боюнча өкмөттүн жаң​ы токтому чыкканын жарыя кылды. Ага ылайык, 17-августтан 30-сентябрга чейин мектеп жетекчиликтери ата-энелер менен биргеликте өздөрүнө ылайыктуу мектеп формасын тандап алышат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” билим берүү жана илим министри Элвира Сариева билдирди. Анын айтуусунда, буга чейин кабыл алынган бирдиктүү мектеп формасына нааразы ата-энелер көп болгондуктан ушундай чечим кабыл алынды.

- Өкмөттүн азыркы токтомуна ылайык, мектеп формасынын төрт түстөгү стандарты туурасында министрлик ар бир мектепке кат жиберди. Мектеп жетекчилери менен ата-энелер сүйлөшүп, 30-сентябрга чейин бир форманы тандашы керек. Тагыраак айтканда, ошого чейин эркин формага уруксат берилет, - деди Сариева.

Э. Сариева министрлик бир канча вариантты, анын ичинде классикалык, атап айтканда, ак көйнөк, кара шым, кара костюм жана юбка кийүүнү сунуштап жатканын да кошумчалады.

Ошол эле кезде Билим берүү министрлиги былтыр тандалган форманы кийүүнү каалаган мектептер болсо, ага да уруксат экенин айтууда.

Билим берүү жана илим министрлиги тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсүн коомчулукка былтыр 1-июлда жарыялап, аны окуучулар 2015-2016-окуу жылынан баштап милдеттүү түрдө киерин маалымдаган. Анда министрлик муну социалдык теңсиздикти жоюу максаты менен түшүндүргөн болчу.

Мектеп формасын киргизүү менен хижаб маселеси биротоло чечилеби же кайра талкууларды жаратабы - экперттер так кесе айта алышпай турган чагы.

Демек, хижаб маселеси Кыргызстанда дагы бир канча талкуунун бутасы болчудай.

XS
SM
MD
LG