Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Нарындагы кээ бир мектептерде абал кооптуу болууда


Облустагы айрым мектептер авариялык абалда болгондуктан кышында окуулар чатырда уланышы ыктымал. Учурда 30 мектеп, тогуз бала бакча, бир кесиптик лицей кулап калуу коркунучунда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Чынара Абдраимакунованын айтымында, Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы орто мектептин курулушуна каражат бөлүнбөй, жумуш токтоп турат. Буга чейин окутуулар авариялык абалдагы эски мектепте жүргөн.

Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектебин пайдаланууга бергенден кийин жыл өтпөй урап калып, бүгүнкү күндө кайра жаңы мектеп куруу зарылдыгы келип чыккан. Ал мектепке республикалык бюджеттен 69 млн. 195 миң сом каралганы менен быйылкы курулуш иштери үчүн 10 млн. сом гана бөлүнгөн. Мектеп окуучулары өткөн жылы үйлөрдө билим алган.(MiK)

XS
SM
MD
LG