Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:55

Ирак: экс-премьер Нури Малики Мосул үчүн жооп берет


ИМ Мосулду алганын 1 жылдыгына арнап чыгарган видеодон тартып алынган сүрөт.
ИМ Мосулду алганын 1 жылдыгына арнап чыгарган видеодон тартып алынган сүрөт.

Ирак парламенти мурдагы премьер-министр Нури Малики башындагы ондогон мартабалуу чиновниктерди жоопко тартуу жөнүндө сунушту колдоду.

Парламенттин юридикалык комитети өткөргөн иликтөө аларды 2014-жылы Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун басып алуусу үчүн жооптуу деп тапкан эле. Бул иликтөө 17-августта чара көрүү үчүн Ирактын башкы прокуроруна да жөнөтүлдү.

Добуш берүү ачык болуп, чечимди көпчүлүк депутаттар да колдогонун вице-спикер Мухамед Карбули билдирди. Буга чейин Мосулду алдырууга Ирактын аскерий жана саясый жетекчилиги жооптуу экени айтылып, бирок конкреттүү ысымдар аталган эмес болчу.

XS
SM
MD
LG