Орусияда автомобиль өндүрүшү быйылкы жылдын алты айында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25% ашуунга кыскарды.
Мамлекеттик статистикалык кызмат - Росстаттын эсебине караганда, январдан июлга чейин Орусиянын заводдорунда 774 миң унаа жасалды.
Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,1% аздык кылат.
Ошол эле учурда Орусиянын автоэкспорту да 27% төмөндөп, чет өлкөлөргө болгону 49 миң гана унаа сатылды.
Быйылкы жылдын алты айында Орусияда заводдон чыккан жүк ташуучу унаалар саны да 21, 1%га, автобустардыкы 13,4%га кыскарды. (UE)