Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

КМШнын аскер -аба күчтөрү Украин чек арасына жакын машыгат


Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, КМШ мамлекеттеринин абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусунун биринчи баскычы бүгүн башталды.

11-сентябрга чейин улануучу машыгууларга жалпысынан 1000ден ашуун аскер кызматчысы, ага катар ракеталык системалар, тик учактар, аскерий учактар, аскерий -транспорттук учактар да тартылат.

Орусиянын коргоо министрлиги кошумчалагандай, машыгуунун биринчи баскычы аяктагандан кийин аскерлер жана техника Астрахань облусундагы Ашулук полигонуна жайгаштырылмакчы.

Ашулук - Украинанын чыгышынан 500 чакырымдай аралыкта жайгашкан полигон. Азыркы машыгууга Орусиянын өзүнөн башка Беларус, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Армениянын аскер –аба күчтөрүнүн бөлүктөрү катышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG