Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

“Ан-Нусра” Сириядагы “кыргыз снайпер” эсине келгенин билдирүүдө

“Ал-Кайида” террордук тобунун Сириядагы канаты - “Жабхат ан-Нусранын” катарындагы кыргызстандык жоочу АКШнын учкучсуз башкарылчу учагынын соккусуна кабылган соң, эс-учун жоготуп, комага түшкөн.

“Жабхат ан-Нусранын” маалымат каражаты – “Ак Минарет” 18-августта жазгандай, “кыргызстандык Али” деген ат менен белгилүү ошол жоочу жана снайпер эми комадан чыгып, эсине келди.

“Ак Минарет” “В Контакте” социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу маалымдагандай, АКШнын учкучсуз аралыктан учагынын ракеталык соккусунан улам кыргызстандык жоочу бутунан айрылган болчу.

Бирок “Ак Минарет” америкалык дрондун соккусу качан жана кайерде жасалганы тууралуу жана “кыргызстандык Али” Сириянын өзүндөбү же башка жерде дарыланып жатабы, ачыктаган эмес.

АКШ Сирияда “ан-Нусра” тобунун согушкерлерине, анын ичине “ал-Кайидага” байланышы бар снайперлерди бутага алып, бир нече жолу сокку урган.

Маселен, былтыр сентябрда Сириянын түндүгүндөгү Алеппо вилайетинде жасалган аба соккуларынан 50дөй жоочу, анын ичинде “ан-Нусранын” эң башкы снайпери Абу Юсуф ат-Түрки набыт болгону да кабарланган.

“Ак Минареттин” жазганына караганда, кыргызстандык жоочу “ан-Нусранын” чет элдиктерден турган Катиба Сайфулла батальонунун курамына кирчи. Бул батальон Алеппо вилайетинде жайгашкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин 27-июлдагы маалыматына караганда, өлкөдөн Сирияга кеткендердин жалпы саны 350гө жетет. (UE)

Куржундар
XS
SM
MD
LG