Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Мырзакматовдун адвокаттары жыйын өткөрүшөт


Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун адвокаттары Чынара Жакупова менен Тимур Тубеев сот өкүмү боюнча бүгүн Бишкекте маалымат жыйын курушат. Алар Мырзакматовго карата чыгарылган чечимди буйрутма катары сыпатташууда.

Жактоочулар 17-август күнү облустук сотко ишенбөөчүлүк жарыялап, экс-мэрдин иши каралган отурумга катышуудан баш тартышкан.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Жактоочулар өкүмдүн мыйзамдуулугун кароону суранып, Конституциялык палатага кайрылышкан. Дүйшөмбү күнү облустук сот да жогорудагы чечимди күчүндө калтырган. (SE)

XS
SM
MD
LG