Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Эксперттердин жоон тобу Иран менен келишимди колдошту


Дүйнөнүн алты ири державасы менен Тегерандын ортосунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн эл аралык келишимди өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине адистешкен жетимиштей эксперт атайын билдирүү аркылуу колдоп чыгышты.

Куралды көзөмөлдөө ассоциациясынын пикиринде, Тегерандын өзөктүк программасын чектеп, ошол эле учурда ага каршы санкцияларды жеңилдетүүчү келишимди аткарылышын “эффективдүү түрдө текшерүү" мүмкүнчүлүгү бар.

Билдирүүдө белгиленгендей, келишимде Ирандын өзөктүк программасын камсыздоонун бүткүл түйүнүнө көп тараптуу мониторинг жүргүзүү режими каралган.

АКШнын мурдагы бир нече расмий адамы, БУУнун куралды көзөмөлдөөнү тейлеген мурдагы өкүлдөрү кол койгон билдирүүдө келишим “өзөктүк куралды жайылтпоо жана коопсуздук боюнча чечүүчү максаттарга” жооп берери да айтылат.

Билдирүүдө көргөзүлгөндөй, эгер тараптардын баары өз милдеттемелерин аткарса, келишим “кооптуу аймакта өзөктүк курал үчүн атаандаштыктын дестабилдешүү тобокелчилигин кыскартат, Ирандын өзөктүк программасына байланышкан катастрофалык аскерий жаңжаалга тоскоолдук кылат”.

Эксперттердин жоон тобунун бул билдирүүсү АКШ Конгресси Иран келишимин келерки айда добушка салар алдында жарыяланды. (UE)

XS
SM
MD
LG