Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

HRW Валиевди Тажикстанга өткөрүп бербөөгө чакырууда


Собир Валиев
Собир Валиев

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Молдовада кармалган тажик оппозициячысы Собир Валиевди Дүйшөмбүгө өткөрүп бербөөгө чакырды. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Вильямсон “Азаттыкка” билдиргендей, Валиевди өз мамлекетинде кыйноого кабылат.

Валиев Кишинев аркылуу Стамбулга учканы жаткан жеринен 11-августта кармалган. Тергөө учурунда маалым болгондой, ал бир жыл мурун кыргыз паспортун алган.

27 жаштагы Собир Валиев оппозициялык "Группа 24" тобунун жетекчисинин орунбасары. (SE)

XS
SM
MD
LG