Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Коркмазовдун баш коргоо чарасын кароо 1-сентябрда улантылат


Жогорку Соттун маалымдашынча, бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму Коркмазовдун жактоочусунун өтүнүчү боюнча кийинкиге жылды. Ал Х. Коркмазов оорусуна байланыштуу операция болорун айтып, ишти кийинкиде айыпталуучунун катышуусунда кароону өтүнгөн.

15-июль күнү УКМК менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал жүрөк оорусуна байланыштуу 3-августта үй камагына чыгарылган.

Расмий маалыматка караганда, Х. Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Н. Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара сураган. Х. Кормазов сот чечими менен эки айга камалган. (UEz)

XS
SM
MD
LG